Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Айсулуу Тыныбекова Бакуда күмүш байге утту


Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Бакуда Гейдар Алиевдин жаркын элесине арналган “Алтын Гран-при” мелдешинде күмүш байгенин ээси болду. Бул тууралуу азербайжандык маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка караганда, Тыныбекова 58 кило салмакка чейинкилер арасында финалда венгриялык Барке Емсеге жеңилип экинчи орунду алган.

Мелдеш 27-ноябрдан 29-ноябрга чейин өтүп ага грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн 44 өлкөсүнөн спортчулар катышты. Азербайжандын туңгуч президенти Гейдар Алиевдин элесине арналган “Алтын Гран-при” турнири 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет. Бул сапар байге фонду жарым миллион долларды түздү. Байге ээлерине 10,5 жана 2 миң доллардан ээлеген орундарына жараша акчалай сыйлык ыйгарылган. (ECh)

XS
SM
MD
LG