Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Улуттук банк “Финанс кредит банктын” өкүлүнө эскертүү берди


Улуттук банк доллардын курсун атайылап 79 сомго чыгарганы үчүн “Финанс кредит банктын” башкы казыначысына эскертүү берди. Ошондой эле аны жумуштан алууну сунуштоодо. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Ал доллардын курсу ортодо пайда көрүүнү көздөгөн чайкоочулардын айынан көтөрүлүп жатканын кошумчалады. Ошондой эле акча алмаштыруучу жайлардын иши жөнгө салынып, лицензиясы бар-жогу катуу көзөмөлгө алынарын белгиледи.

Ноябрдын аягында Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында бир доллардын сатуудагы баасы 79 сомго жетип кайра түшкөн. Улуттук банк доллар жасалма көтөрүлгөнүн атайын текшерүүдө далилдеген. Учурда 1 доллардын баасы сатып алууда 75 сом 85 тыйынга бааланууда. (КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG