Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:46

ӨКМ: жер титирөө очогунда 6 баллга жетти


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянып билдиргенине караганда, бүгүн саат 12:13тө Кыргызстан аймагында жер титирөө катталды. Жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусуна караштуу Ак-Булак, Жаз-Кечүү, Кызыл-Үңкүр аймагында 6 балл, Ортокто 5,5, Арcланбапта 5 баллга жеткен. Ал эми Көк-Жаңгак, Кара-Көлдө 4, Жалал-Абад шаарында 3,5 Ошто 2-3 балл болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана жабыр тарткандар жок.

17-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу, Алай районунун бир катар айылдарында күчү 6-7 баллга жеткен жер титиреген. Зилзаладан адам өмүрүнө зыян келген эмес. Бирок ондогон үйлөрдөн жарака кетип, көптөрү авариялык абалга туш болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG