Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Чек арада көзөмөл күчөтүлдү


Чек арачы
Чек арачы

Терроризмге каршы күрөшүү боюнча дүйнөлүк аракеттердин алкагында мамлекеттик чек араны кайтаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралар өткөрүлүүдө. Чек ара кызматынан маалымдагандай, коңшу мамлекеттердин чек ара өкүлчүлүктөрү менен иштешүү активдештирилди. Өткөрүү жайларында чек ара көзөмөлү күчөтүлдү, мамлекеттик чек араны кесип өткөн бардык транспорттук каражаттар дыкат көзөмөлдөн өткөрүлүп, шек туудурган жарандардын жеке буюмдары текшерилүүдө. Аталган кызмат бул чаралар мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо кызыкчылыгында жүргүзүлүп жатканын белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG