Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Жогорку сот экс-депутат Түлеев боюнча чечимди өзгөртүүсүз калтырды


Kyrgyzstan -- Court trial of former Bishkek Mayor Nariman Tuleev, Bishkek, 28 July, 2013.
Kyrgyzstan -- Court trial of former Bishkek Mayor Nariman Tuleev, Bishkek, 28 July, 2013.

Жогорку соттун жазык иштери боюнча соттук коллегиясы 30-ноябрда экс-депутат Нариман Түлеевге байланыштуу ишти карап, мурдагы чечимдерди күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди.

2013-жылы Ленин райондук соту экс-мэри Түлеевди үй-мүлкүн мамлекет пайдасына чегерүү менен күчөтүлгөн режимге 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылы шаардык сот ушул эле өкүмдү өзгөртүүсүз күчүндө калтырган болчу. Бирок депутат ага макул болбой, Жогорку сотко арызданган.

Токтошеванын белгилешинче, Кылмыш кодексинин 30-182-беренелери (кылмышка шериктеш болуу жана арам акчаны адалдоо) боюнча тергөөнү улантуу үчүн иш Башкы прокуратурага берилди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нариман Түлеевге 2012-жылы августта айыбы угузулган, ага мэр болуп иштеген кезде Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу техникаларды сатып келүүдө мамлекеттик бюджетке зыян келтирген деген күнөө тагылган. Түлеев менен кошо айыпталган мэриянын беш кызматкери 5-10-13 жылга чейин эркинен ажыратылган эле. Нариман Түлеев соттун мындай өкүмүн “саясий чечим" деп баалап келет.(КЕ)

XS
SM
MD
LG