Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Тажикстан чек арадагы талаштуу аймакта мектеп курулушун баштады


Спитамен району
Спитамен району

Тажикстандын Спитамен районунун Сарбанд айылындагы мектеп кийинки жылы пайдаланууга бериле турганы күтүлүүдө. Өзбекстандын Бекабад облусуна жакын жайгашкан бул айылда азыр өзбек тилдүү жалгыз гана мектеп иштейт. Балдар Өзбекстандын окуу программасы боюнча билим алышат. Тажик бийлиги салып жаткан жаңы орто билим берүү мекемеси 480 окуучуга ылайыкташкан. Окутуу эки кезек менен тажик тилинде жүргүзүлмөкчү.

Сарбанд кыштагын тажик жана өзбек тектүү калк байырлайт. Ал эки өлкө ортосундагы талаштуу аймакка кирет. 1990-жылы, Советтер союзу ыдырагандан кийин Өзбекстан аймактагы Фархат ГЭСи менен анын жака-белиндеги айылдарды өз көзөмөлүнө алып, бажы жана чек ара бекеттерин орноткон. 2002-жылы тажик тарап аларды кайра өзүнө кайтарган. Ошондон бери аймак иш жүзүндө Дүйшөмбүгө баш ийсе да, расмий Ташкен таасирин жогото элек. Өрөөндөгү суу сактагыч жана Фархат ГЭСи стратегиялык мааниге ээ. Аны менен Өзбекстандын жүздөгөн гектар айдоо аянты сугарылып, бир топ өнөр жайы электр жарыгы менен камсыздалат. (NT/КЕ)

XS
SM
MD
LG