Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

“Республика Ата-Журттун” жетекчилигине нааразы болгондор митингге чыгышты


Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарынын 100дөй тургуну “Республика Ата-Журт” партиясынын жетекчилигине кайрылып, жердештери Алимберди Бегматовго Жогорку Кеңешке мандат берүү талабын коюшту. Чогулгандар партия жетекчилиги ич ара аймактардан жетиштүү добуш алган талапкерге мандат берүү келишимин бузганын белгилешүүдө. “Бабанов, Ташиев элди алдабагыла” деген жазуулары бар плакаттарды көтөргөн баткендиктир маселе каралбаса, 10-декабрда кайрадан чогулушарын билдиришти.

Алимберди Бегматов “Республика Ата-Журт" партиясынан шайлоого катышкан. Ал тизмеде 142-орунда турат. Аталган партиянын өкүлү Нурлан Абдалиев Бегматов өз аймагында 3 миңден ашуун добуш алганын, партиянын тизмеси ошол бойдон турганын жана кезек жетсе, мандат берилерин “Азаттыкка” билдирди. (JsA/КЕ)

XS
SM
MD
LG