Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

Тажикстанда акча алмаштыруучу жайлар жабылары күтүлүүдө


Душанбедеги акча алмаштыруучу жайдын жарыясы. 25-май, 2015-жылы тартылган сүрөт.
Душанбедеги акча алмаштыруучу жайдын жарыясы. 25-май, 2015-жылы тартылган сүрөт.

Тажикстандын Улуттук банкы чет өлкөлүк валюта менен операция жүргүзүүнүн жаңы тартибин бекитти. Документ расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

Ага ылайык, өлкөдөгү бардык акча алмаштыруучу жайлар жабылып, валюталык операциялар, анын ичинде сатып-алуулар банктарда, алардын жер-жерлердеги филиалдарында жана кредиттик уюмдарда гана ишке ашырылып турмакчы.

Быйыл ноябрь айында эле Тажикстанда улуттук акча-сомонинин америкалык долларга карата катнашы 10 пайызга нарксызданган.

Улуттук банк валюта саткандар да, алгандар да дүрбөлөңгө алдырып, доллардын кымбатташына салым кошууда деп билдирип келе жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG