Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:49

Бүгүнкү жер титирөөнүн ыктымал кесепеттери азырынча анык эмес


Кара-Суу районунун Чайчы кыштагында кыйраган үй. 18-ноябрь, 2015-жыл.
Кара-Суу районунун Чайчы кыштагында кыйраган үй. 18-ноябрь, 2015-жыл.

Бүгүнкү зилзаланын турак жайга тийген ыктымал кесепеттери азырынча иликтенип жатканын “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Министрликтин өкүлү Абдишарип Бекилов төмөнкүлөргө токтолду:

- Базар-Коргон районунда жер титирөөнүн очогу болгон Кара-Булак, Катыраңкы айылдарынын жашоочуларынан турак жайы жабыркагандыгы боюнча оозеки кайрылуулар келип түшкөн. Азыр жеринде жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат. Андан тышкары ӨКМдин облустук, райондук бөлүмдөрүнөн да ыкчам топтор барышты. Алар да тактоо, иликтөө иштерин жүргүзүүдө, толук эртең эртең менен беришет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянып билдиргендей, бүгүнкү жер титирөө саат 12ден 13 минутта өткөндө катталды.

Зилзаланын күчү Базар-Коргон районунун аймагында 5-6 балл, ал эми Көк-Жаңгак, Кара-Көлдө 4, Жалал-Абад шаарында 3,5, Ошто 2-3 балл болгон.

Бул Кыргызстандын түштүгүндө акыркы жарым айга жетпеген мезгил ичиндеги алтынчы жер силкинүүсү. Буга чейинки жер титирөө 17, 18, 20, 21, 24-ноябрь күндөрү катталган.

Ош облусунун аймагында 17-ноябрда күчү 6 - 7 баллга жеткен жер титирөөдөн соң 3400 үй текшерилгенде алардын ичинен 10 үй толук кыйраганы аныкталып, 383 үй жашоого жараксыз деп табылган. (UE/KE)

XS
SM
MD
LG