Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Түркия медиасынын кабарларына караганда, жарылуу метро станциясында же ага жакын жерде болгон.

Азырынча себептери белгисиз жарылуудан улам метронун иши толугу менен токтотулду.

Шаардын борборундагы жарылуу болгон жер - Байрампаша станциясына тез жардам унаалары келип, кеминде эки киши жаракат алганы маалымдалды.

Мамлекеттик "Анадолу" жаңылыктар агенттигинин жазганына караганда, жарылуу станциянын өзүндө эмес, анын жанындагы өткөөлдө болгон.

Стамбулдун шаар мэриясынын маалыматы боюнча жарылуунун булагы- электр энергиясын берген трансформатор. Түркиянын эң ири шаары Стамбулда 15 миллиондой киши жашайт. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG