Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Стамбулдун метросунун жанындагы жарылуудан беш киши жаракат алды


Коопсуздук күчтөрү жарылуу болгон жерде.
Коопсуздук күчтөрү жарылуу болгон жерде.

Бул тууралуу шаардын Байрампаша районунун акими Атилла Айдинер билдирди.

Жергиликтүү бийлик өкүлүнүн айтымында, жасалма бомба метросундагы өткөөл жолдун жанына ташталган.

Бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат беш жарымдан өткөндө болгон жарылуудан улам Стамбул метросунун иши токтотулган.

Шаардын борборуна, жарылуу болгон Байрампаша станциясына тез жардам унаалары келген.

Борбор Анкарада быйыл октябрда эки жанкечти жасаган жардыруудан 100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылгандан бери Түркияда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн эле.

Өлкөнүн эң ири шаары Стамбулда азыр 15 миллиондой киши жашайт. (UE)

XS
SM
MD
LG