Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:09

Беларус Эл аралык валюта корунан 3 млрд. доллар насыя алууга куштар


А. Лукашенко менен ЭВФ директору К. Лагард.

А. Лукашенко менен ЭВФ директору К. Лагард.

Президент Александр Лукашенко 1-декабрда өкмөт жыйынында башка мамлекеттерден карыз алганга караганда Эл аралык валюта корунан насыя алуу максатка ылайыктуу экенин билдирди.

Өкмөт башчы Андрей Кобяков ЭВФ насыясынын үстөк пайызы төмөн - 2,28% деп белгиледи. Насыя алуу менен Беларусь Эл аралык валюта фондунун талабы менен айрым реформаларга барат. Реформалар “тариф, пенсия жашын көтөрүү, айлык акыларга” байланыштуу болбосу өкмөттө белгиленди.

Эл аралык валюта корунун делегациясы Беларуста ноябрь айында болгон. Республика экономикасы быйылкы жылдын тогуз айында 3,7% төмөндөгөн. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG