Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Өзгөрүш Өмүрзаковду сабаган киши беш күндөн кийин кармалды


Бул тууралуу Өмүрзаковдун агасы, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров билдирди. Анын айтымында, мурда прокуратура кызматында иштеген Канат Күйүков аттуу жаран анын агасын 26-ноябрда Бишкек шаарында травматикалык тапанча менен башына уруп, өйдө-ылдый аткылаган. Токмоктон Өмүрзаков мээси чайкалып, башынан оор жараат алып ооруканага жаткырылган.

Өндүрүш Токтонасыровдун айтымында, Ленин райондук милициясы окуяны тергөө жана кылмышка шектүүнү кармоодо ыкчам аракеттерге барган эмес. Жабыркоочунун жакындарынын тынымсыз талабы менен гана Күйүков 1-декабрда кармалды. (AiT)

XS
SM
MD
LG