Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Кошмо Штаттар Иракка кошумча аскер жайгаштырат


АКШнын коргоо министри Эштон Картердин шейшемби күнү Конгрессте билдирүүсүнө караганда, Кошмо Штаттар Ирактагы өкмөттүк аскерлерди жана күрт жоокерлерин "Ислам мамлекетине" каршы күрөштө колдоо үчүн Иракта оперативдик аскердик топ жайгаштырат:

-Биз экспедициялык багыттагы топту түзөбүз. Бул топ коюлган максатка жараша Сириянын аймагында да операция жүргүзөт.

Америкалык аскерлер жоочулардын лидерлерин кармоо, барымтадагыларды бошотуу жана чалгындоо иштерин жүргүзөт. Азыркы кезде Иракта 3,5 миңдей АКШ аскери бар. Алар жакында эле Ирактын түндүгүндөгү Синжар шаарын жоочулардан бошотууда өкмөттүк аскерлерге жана күрт жоокерлерине жардам беришкен.

Ирактагы Иранга ыктаган шиилердин аскердик топтору АКШнын аскер жайгаштыруусуна терс пикирде болуп, ага каршы күрөшөрүн билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG