Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Мектеп директору окуучулардын акчасын жеген деп шектелүүдө


Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Вознесенск мектебинин директору окуучулардан топтолгон каражатты жок кылып койгон, деп шектелүүдө. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, аталган мектептин 1 - 4-классынын окуучулары ысык тамак жана ашпозчунун маянасына ай сайын 100 сомдон чогултуп келишкен. Сентябрь, октябрь айларында ата-энелер жалпысынан 71 миң 800 сом чогултуп, мектеп директоруна өткөрүп беришкен. Бирок текшерүү маалында ал каражат жок болуп чыккан. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ишенип берилген каражатты жок кылуу" беренелеринин негизинде мектеп жетекчилигине, жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Кыргызстанда мамлекеттик мектептерде ата-энеден акча чогултуу маселеси чечилбей келатат. Билим берүү министри Элвира Сариева жакында Facebook баракчасы аркылуу кайрылып, ата-энелерден кайсы мектепте канчадан чогултуп жатканы тууралуу кабар берүүнү өтүнгөн. Айрым мектептерде ачылган фонддор коррупцияланып, акчанын кандай пайдаланып жатканы күмөн жараткан учурлар да бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG