Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Сариев: илим тармагы реформаланат


Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы.
Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясы.

Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Темир Сариев Илим жана инновациялар боюнча кеңештин алгачкы жыйынында билдирди. Ал илим адамзаттын жана коомдун жашоосунда негизги тармактардын бири экенин, өлкөнүн өнүгүү деңгээли илимдин өнөр жай менен эффективдүү интеграциясына көз каранды болорун белгиледи. Илим жана технологиясы өнүккөн өлкөлөр эң кубаттуу, алдыңкы мамлекеттер экенин айткан Сариев Жапония, Түштүк Корея, АКШ, Европа өлкөлөрүн мисалга келтирди.

-Бүгүнкү күндө илимдеги абал экономиканын талаптарын канааттандырбайт. Илимий мекемелердин эффективдүүлүгү төмөн. Ошондуктан, өлкө президенти илим тармагында реалдуу реформа жүргүзүү боюнча тапшырма койгон. Илим тармагы өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошушу керек.

Буга чейин президенттик аппараттын алдында түзүлгөн эксперттик топ “Илимдер академиясынын иши бүгүнкү күндүн талабына жооп бербейт” деген бүтүмгө келген. Ага ылайык Улуттук илимдер академиясына коомдук уюм деген макам берүү сунушталган. Бул сунушка академиянын жетекчилери макул болбой, өз концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу демилгесин көтөрүшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG