Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:36

Дагестанда дин кызматкери киши колдуу болуп, каза тапты. Дагестандын полиция башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, белгисиз адамдар Сулейман Кокрекскийге 1-декабрь күнү Чеченстан менен чектешкен Хасавюрт шаарчасында кол салган.

Ушул жылдын август жана сентябрь айларында да Орусияда Замирбек Махмудов, Магомед Хыдыров аттуу эки имамды атып кетишкен.

Дагестанда уюшкан кылмыштуу топтордун жана ар кандай кландардын ички тирешүүсү дале уланып келет. Алардын башкы курмандыктары имамдар, журналисттер, полиция кызматкерлери жана бийлик өкүлдөрү болуп жатат. Ошондой эле Дагестанда салттуу исламды тутунгандар менен салафилик көз карашты кармангандардын ортосундагы чыр-чатактардан улам да имамдар каза тапкан учурлар бар. Сулейман Кокрекский салафизмди жайылткан имам катары белгилүү болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG