НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Черногориянын альянска кошулуусун расмий ырасташты. Генерал Йенс Столтенберг Брюсселде бүгүн башталган жыйында Черногорияга берилген расмий чакырууну окуду:
- НАТОнун ачык саясаты - коопсуздукту сактап, стабилдүүлүктү, демократиялык баалуулуктарды жана альянстын стандарттарын жайылтуу. Биз улам күчтүү, таасирлүү болуп бара жатабыз. Эшигибиз ар дайым ачык. Черногориянын тышкы иштер министри Игорь Люкцик менен коргоо министри Милица Пеянович-Журишичти кийинки жыйынга чакырууга уруксат этиңиздер, - деди Столтенберг.
600 миң калкы бар Черногория же Монтенегро 2017-жылдан баштап НАТОнун толук укуктуу мүчөсү болот. Ал Европанын түштүк-чыгышындагы эң чакан өлкөлөрдүн бири. Черногория эгер уюмга кирсе ал НАТОнун 29-мүчөсү болуп калмакчы.