Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

Германиянын Кёльн шаарында өткөн эл аралык "Түрк тили жана маданияты" фестивалында Нарын шаарындагы кыргыз-түрк лицейинен барган окуучулар биринчи орунду алышты. Бул тууралуу "Азаттыкка" лицейдин директору Шевкет Тутар билдирди. Фестиваль дүйнөдөгү түрк тилин окуткан өлкөлөрдүн арасында болуп, ага 100дөн ашуун мамлекеттен өкүлдөр катышкан. Фестивалдын уюштуруучулары биринчи орунду алган Нарындык 12 окуучуга 500 доллардан сыйлык тапшырды. Аталган лицейдин окуучулары акыркы убакта бир катар эл аралык фестивалдарга катышып ийгиликтерди жаратып келишет. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG