Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:26

Жаштар арасында дзюдо боюнча “Хан Манас” кубогу үчүн эл аралык мелдеш 5-6-декабрь күндөрү Бишкекте өтөт. Мелдештин уюштуруучуларынын бири, “Кыргыз эл” коомдук бирикмесинин мүчөсү Кылычбек Рысалиевдин айтымында, мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Иран, Монголия жана Орусиядан 500гө жакын спортчулар катышат.

17 жаштан 20 жашка чейинки курактагы улан-кыздар 16 топтом медаль үчүн таймашышат. Мелдешти уюштурууга 500 миң сомго жакын каражат сарпталат. Жеңишке жетишкен спортчуларга мелдеш үчүн атайын жасалган бир килограммга жакын салмактагы медалдар тапшырылат. Командалык эсепте биринчи орун үчүн 7,5 кг салмакты түзгөн колодон жасалган кубок тапшырылат. “Хан Манас” кубогу үчүн эл аралык мелдеш быйыл алтынчы жолу өткөрүлөт. Буга чейин бул кубокту Кыргызстандын дзюдочулары эки жолу, казакстандыктар үч жолу утушкан эле. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG