Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Кремл НАТОнун кеңейүүсүн кескин сындады


Дмитрий Песков
Дмитрий Песков

Кремлдин басма сөз катчысы НАТОнун чыгышка карай кеңейүүсүн экспансия деп атап, Орусия буга жооп кайтарарын эскертти.

Мындай билдирүү НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг бүгүн Брюсселде өтүп жаткан саммитте Черногорияны уюмга 29-мүчө болуп кирүүгө расмий чакыргандан кийин айтылды.

Дмитрий Песков Түркия орус аскер учагын атып түшүргөндөн кийин ага карата орус бийлигинин санкциялары Батыштын Украина кризиси учурунда Орусияга салган чектөөлөрдөн кескин айырмаланарын айтып, Түркияга карата экономикалык чектөөлөр террорчулукту алдын алуунун чаралары экенин кошумчалады.

Бул арада АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри НАТОнун кеңейүүсү Орусияга багытталбаганын билдирип:

- НАТО эч кимге коркунуч жаратпайт. Тек гана коргоо биримдиги. Баарынын коопсуздугун гана камсыздайт. Орусияга, же дагы башка жактарга багытталган эмес, - деди.

Бүгүн Брюсселде өтүп жаткан саммитте НАТО Европанын чакан өлкөлөрүнүн бири Черногорияга альянска мүчө болууга расмий чакыруу берген.

XS
SM
MD
LG