Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Орусия Түркияны “ИМ” тобунан мунай алат деп айыптоодо


Орусиянын коргоо министри Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана анын үй бүлөсү “Ислам мамлекети” тобу менен мунай соодасына аралашкан деп айыптап чыкты.

Бүгүн Москвада болгон жыйында Сергей Шойгу “Ислам мамлекети” тобу көзөмөлдөгөн аймактан Түркияга кетип жаткан мунайдын үч жолун билерин жар салды.

Орус расмий өкүлдөрү Сирия менен Түркиянын чек арасынан алынган спутник сүрөттөрдөгү мунай танкерлерин буга далил катары көрсөтүштү.

Орусия менен Түркиянын ымаласы 24-ноябрда орус согуштук учагы Түркия аба мейкиндигин бузду деп атып түшүрүлгөндөн кийин кескин начарлаган.

Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давутоглу 1-декабрда Орусиянын айыптоолорун негизисиз деп айткан.

XS
SM
MD
LG