Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:47

Улуу Британия "Ислам мамлекети" тобун бомбалоого катышат


Британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон парламентте. 2-декабрь, 2015-жыл
Британ өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон парламентте. 2-декабрь, 2015-жыл

Британия парламенти 2-декабрда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы абадан сокку уруу боюнча АКШ жетектеген коалицияга кошулууга добуш берди. Эми Иракта "Ислам мамлекетине" абадан сокку уруп жаткан британ учактары Сирияда да сокку ура алат. 13-ноябрдагы Париждеги теракттардан кийин британ парламентине кайрылган өкмөт башчы Дэвид Кэмерон “алар бизге кол салып жатканда, кол куушуруп отурбай” сокку урууга үндөгөн эле. Оппозициялык лейбористтик партиясынын лидери Жереми Корбин бомбалоону айыптап, аны “ойлонулбаган жана бышып-жетилбеген кийлигишүү” деп атады. Бирок анын партиялаштарынын бир тобу бомбалоого уруксат берүү үчүн добуш берди. Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама британ мыйзамчыларынын чечимин кубаттап, “глобалдык коркунуч глобалдык биримдик менен талкаланыш керек” деди. (AiT)

XS
SM
MD
LG