Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:08

Ооганстан бийлигинин маалыматы боюнча, талиптердин лидери Ахтар Мансур молдо талаа командирлердин жыйынында талаш-тартышттан чыккан ок атышууда жарадар болгон. Ооганстандын вице-президенти Абдул Рашид Достумдун өкүлү Султан Файзинин айтымында, “Мансур оор жарадар болуп, ооруканага жеткирилген”. Ал талаа командирлеринин бири Абдулло Сардари молдо менен 1-декабрда Пакистандын Кветта провинциясындагы жыйында чатакташып кеткен. Талиптердин өкүлү Муджахид Забиулла андай атышуу болгонун четке кагат. Ахтар Мансур молдо талиптердин жаңы лидери катары быйыл июль айында жарыяланган. Талиптердин мурунку лидери Мохаммад Омар эки жыл мурун каза тапкан. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG