Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:30

Кадыр Маликовго кол салгандарды экстрадициялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө


Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы 2-декабрда кабарлаган. Маалыматка караганда, Кадыр Маликовго кол салгандан кийин Түркиянын Газиантеп шаарында кармалган Кыргызстандын эки жаранын экстрадициялоо боюнча түрк тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Тышкы иштер министрлиги тийиштүү талаптарды түрк тарапка жөнөттү. Бирок ал тараптан жооп келе элек.

Кадыр Маликовго 26-ноябрда Бишкекте кол салуу болуп, анын бетине бычак урушкан. Маликов кол салгандар "Ислам мамлекетинин" тарапкерлери болгонун билдирген. Милициянын маалыматы боюнча, Маликовго кол салгандан кийин Тилек уулу Алибек жана Рыскул Бейшеналиев Казакстан, Түркия аркылуу Сирияга өтүп бараткан мезгилде түрк полициясы тарабынан кармалган. (AiT)

XS
SM
MD
LG