Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:30

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссия жыйналат


Бүгүн Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 18-жыйыны болот. Анда Кыргызстан менен Орусиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык багытта кызматташуу маселелери талкууланат. Кыргыз тараптан комиссияны өкмөт башчы Темир Сариев, орус тараптан Федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов жетектейт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү, биргелешип аткаруу белгиленген энергетикалык долбоорлор да талкууланмакчы. (AiT)

XS
SM
MD
LG