Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:29

Түрк президенти ИМден мунай сатып алууда деген айыптоону четке какты


Орусиялык тарап көрсөткөн май ташуучу унаалар.
Орусиялык тарап көрсөткөн май ташуучу унаалар.

Орусиянын мындай айыптоосун президент Режеп Тайип Эрдоган ушак деп атады. Катар университетинде 2-декабрда сүйлөгөн сөзүндө түрк президенти Эрдоган “Түркия "Даиштен" мунай сатып алууда деп, Түркияны ушактоого эч кимдин акысы жок”, деди. Орусиянын коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов ага чейин, Эрдоган жана анын үй-бүлөсү "Ислам мамлекети" менен мыйзамсыз мунай соодасына аралашкан деп айыптаган эле:

-Биз, Түркия өз коңшуларын тоногон фактыларды келтирүүнү улантабыз. Мүмкүн, менин сөзүм бетке чапкандай болор, бирок мындай уурулук бизнести көзөмөлдөөнү эң жакын адамдарга ишенип тапшырууга болот. Түркия президентинин уулу өлкөдөгү эң ири энергетикалык компаниялардын биринин жетекчиси, күйөө баласы болсо энергетика министри болуп дайындалган. Батышта буга кызыккан адам жок. Эмне деген үй-бүлөлүк мыкты бизнес. Албетте, мындайды өтө жакындарга ишенип тапшырбаса, башкаларга ишенүүгө болбойт.

Түрк президенти булардын баарын ушак деп, Түркия "Ислам мамлекетинен" мунай сатып алып жатканы далилденген болсо кызматынан кетүүгө даярдыгын айтып, далил таппаса экинчи тарап да кетүүгө даярбы, деген маселени койду. (AiT)

XS
SM
MD
LG