Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

2-декабрда интернетке коюлган видеодо Сирияда кармалган орус тыңчысынын башы алынганы көрсөтүлгөн. 7,5 мүнөттүк видеодо саргыч кийим кийген киши Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан Сирияга жөнөтүлгөнүн билдирген. Сирияга барганга чейин Чеченстанда жашаган Магомед Хасаевдин милдети Орусияга кайтып келип, теракт жасоону көздөгөн жоочуларды аныктоо экени айткан. Ал 2014-жылдын август айынан бери Сирияда болгон. Хасаевден кийин бычак кармаган жоочу чыгып, орус аскерлери талкаларын айтып, андан Хасаевдин башын алууга киришет. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG