Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Мурдагы коргоо министрлерине үчүнчү кылмыш иши козголду


УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланууга байланыштуу Коргоо министрлигинде дагы бир коррупциялык схема бар экенин аныктады.

Маалыматка караганда, аталган министрлик менен “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы Жалал-Абад облусуна аскер шаарчасын куруу боюнча 2013-жылы келишимге кол койгон. Ал 133 млн. 200 миңге жакын сом деп бааланган. Кийин иштин көлөмү көбөйүп кеткенин белгилеп, “Аскер курулуш” министрлик менен дагы бир келишим түзгөн. Мунун айынан курулуштун сметасы негизсиз 221 млн. 100 миң сомго көбөйүп кеткен. Ортодо ишти жасаган компанияга мыйзамсыз 219 млн. сомго жакын каражат которулганы аныкталган. Мында келишимде көрсөтүлгөндөн 107 млн. 325 миң сомдон ашуун каражат ашыкча котрулуп,мамлекеттин бюджетине ири суммада зыян келгени белгиленет.

Буга байланыштуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мурдагы министрлер Таалайбек Өмүралиев, Абибилла Кудайбердиев жана “Аскер курулуш” ишканасынын башкы директору Куваныч Колхожоевге, министрликтин жооптуу кызматкерлерине карата “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “ишенип берилген мүлктү коромжу кылуу, өз пайдасына коротуу” беренелеринин негизинде үчүнчү кылмыш иши козголду.

Буга чейин Башкы прокуратура Өмүралиев министр болуп турган 2013-жылы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынан 5 млн. сомду, Абибилла Кудайбердиев баштаган кызмат адамдары12 млн. сомду кымырып алганын жар салган.

Таалайбек Өмүралиев 2011-2014-жылдары коргоо министри кызматын аркалаган. Абибилла Кудайбердиев бул кызматта 2014-жылдын 4-апрелинен быйыл октябрга чейин иштеп келген.(КЕ)

XS
SM
MD
LG