Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтүүдө


Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын 18-жыйыны башталды. Жыйында кыргыз тараптан комиссияны премьер-министр Темир Сариев, орус делегациясын Орусиянын бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов жетектөөдө. Анда энергетика, Камбарата ГЭС-1, Жогорку-Нарын ГЭСтерин куруу долбоору, өнөр жай, мунай газ, транспорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү багытында кызматташуу талкууланат. Жыйынды ачып жатып Сариев буга чейин чечилбей келаткан айрым маселелерди ачык айтуу зарылдыгын белгиледи.

Жогорку Нарын ГЭС курулушу Орусиянын "РусГидро" ишканасы менен биргеликте жүргүзүлөт. Ага Кыргызстан жер бөлүп, Орусия каражат жагын камсыздайт. Ага 3-этапта 1338 гектар, 4-этапта 565 гектар жер бөлүнгөн. Буга чейин премьер-министр Темир Сариев орусиялык "РусГидро" компаниясы 12 миллиард рубль которуп, иш активдүү уланышы керектигин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG