Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссия ГЭСтер маселесин жабык талкуулоодо


Жогорку Нарын ГЭСтери салына турган жерлер. Нарын облусу

Жогорку Нарын ГЭСтери салына турган жерлер. Нарын облусу

Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссия Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу маселесин журналисттерди киргизбей, жабык талкуулоодо. Комиссия бүгүн Бишкекте “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ишин баштады.

Жыйында энергетика, Камбарата -1 ГЭСин, Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу долбоору, өнөр жай, мунай, газ, транспорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү багыты, жалпысынан 18 маселе талкууланат. Кыргыз тараптан комиссияны премьер-министр Темир Сариев, экинчи тараптын делегациясын Орусиянын бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов жетектөөдө.

Буга чейин мурдагы вице-премьер-министр Валерий Диль "РусГидро" компаниясы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын каржылоо планын аткарбай жаткандыктан куруу мөөнөтү кечеңдеп жатканын айткан.

Жогорку Нарында ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге 2012-жылы кол коюлган. Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “РусГидро” ишканасы - ГЭСтердин курулушу беш-алты жылга созулуп, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирерин маалымдаган.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG