Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:52

Каптагаев: даaватчылык көзөмөлдөнүшү керек


Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Эмил Каптагаев билдирди. Aл даaват айтууга жана даaватчыларга каршы эмес экенин бирок өлкө коопсуздугу, тобокелдерди алдын-алуу максатында көзөмөлгө алуу зарылдыгын белгиледи.

-Негизи даaваттын жүрүп жатканы, эл кыдырганында эч коркунуч жок. Тескерисинче, биртоп маселелер чечилип жатат. Бирок дааватты түзүү, уюштуруудагы түзүмдүн өзү жабык. Он-ондон топ, жамааттар бар, алардын амири ким экенин, оюнда эмне бар экенин эч ким билбейт. Ошонун кооптуулугун эске алып көзөмөлгө алыш керек. Жамааттарды ким башкарат, алардын байланыштары кимдер, каяк менен байланышканы мамлекеттин көзөмөлүндө болушу керек.

Каптагаевдин жергиликтүү жыйындардын биринде дааватчылыкка байланыштуу айткан ойлорун маалымат каражаттары да жазып чыккан. Ага муфтият жооп кайтарып, дааватка чыккандардан кооптонууга негиз жок экенин билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG