Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:07

Парламенттик комиссия тендерлердин ачыктыгын текшерет


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеште Унаа жана байланыш министрлиги өткөргөн тендерлердин ачыктыгын депутаттык комиссия текшермей болду. Бул тууралуу бүгүн парламенттик жыйында белгилүү болду. Жаңы түзүлгөн комиссияга “Кыргызстан” фракциясынан Канатбек Исаев, “Республика Ата-Журттан” Талант Мамытов, “Өнүгүү-Прогресстен” Абылкайыр Узакбаев, “Бир болдон” Кубанычбек Жумалиев, “Ата Мекенден” Өмүрбек Текебаев, КСДП фракциясынан Жанар Акаев кирди.

Канатбек Исаевдин белгилешинче, Кыргызстандагы курулушчулар министрлик жарыялаган тендерлерде азыраак сумма сунуштаган жергиликтүү ишканалар эмес, Кытайдын компаниялары утуп жатканын айтып арызданышкан.

Мындай тендерлердин биринде Унаа жана байланыш министрлиги 900 доллардан ноутбуктарды сатып алганы да депутаттар арасында нааразычылыкты чыгарган. Депутат Жоомарт Сапарбаев андай ноутбуктар базарда 300 доллар турат деп, баалар атайылап көтөрүлгөнүн айткан болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG