Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

"Замандаш": орус-түрк мамилеси мигранттарга таасирин тийгизиши мүмкүн


Орусиядагы мигранттар
Орусиядагы мигранттар

“Замандаш” ассоциациясы орус-түрк мамилелеринин начарлашы кыргызстандык мигранттарга да таасирин тийгизиши мүмкүн экенин билдирип чыкты. Ассоциациянын өкүлү Азамат Айтбаевдин “Азаттыкка” айтымында, мындай билдирүү Орусиянын бир катар шаарларында иштеген кыргызстандыктардын кайрылуусунан кийин жасалды.

- Азыр Орусиянын ар кайсы шаарларынын маалымат чогултканга аракет кылып жатабыз. Бирок түрк компанияларын текшерүүдө мыйзамдуу, мыйзамсыз иштеп жаткан мекендештерибизге да залакасы тиет.

Орус президенти Владимир Путин орус учагынын 24-ноябрда атып түшүрүлүүсүнө байланыштуу Түркияга санкция киргизүү жардыгына 28-ноябрда кол койгон. Ага ылайык, 1-январдан тарта Түркиядан ташылган товарлардын айрым түрлөрүнө, түркиялык жумушчу күчтүн өлкөгө киришине жана Орусиядагы түрк уюмдарынын ишмердигине чектөө киргизилет. Мындан сырткары жаңы жылдан тарта Орусия Түркия менен болгон визасыз режимин жоет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG