Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

Улуу Британия ИМге каршы Сириядагы операцияга кошулду


Улуу Британия парламенти 2-декабрда он саатка созулган талаш-тартыштан соң өкмөттүн Сириядагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы эл аралык коалицияга кошулуу сунушун жактырды. Муну менен өлкөнүн Иракта аталган топко каршы күрөшүп жаткан аба күчтөрүнө Сирияда да чабуул жасоосуна жол ачылды.

Парламент чечиминен көп узабай Кипр авиабазасындагы Британиянын​ 4 Tornado учагы абага көтөрүлүп, Сириядагы ИМдин согушкерлерине каршы алгачкы соккуларды жасаганын өлкөнүн коргоо министрлигинен билдиришти.

АКШ президенти Барак Обама британ депутаттарын "биримдиги жана чечкиндүүлүгү үчүн" кубаттап, "глобалдык коркунуч ага каршы глобалдык жооп менен жеңилүүгө тийиш" деп билдирди.

"Ислам мамлекети" тобуна Улуу Британия да тыюу салган. Лондон 2014-жылдан бери Иракта бул топтун согушкерлерине каршы аскерий операция жүргүзүп келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG