Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Мындай кабар бүгүн президент Алмазбек Атамбаев саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевди кабыл алган учурда айтылды. Министр Кыргызстанда дары-дармек каражаттары, медициналык техникалар жана кызматтар тууралуу Улуттук маалыматтар базасын киргизүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө айтып берди. Батыралиевдин ырасташынча, маалыматтар базасы дары каражаттарынын рыногундагы кырдаалды талдап турууга, дарылардын кандайча пайдаланылып жаткандыгын так эсепке алууга жана аларга коюлган бааларды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берет.

Мамлекет башчы өлкөдө медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында реформаны натыйжалуу ишке ашыруу зарыл экендигин белгиледи. Жолугушууда козголгон маселелер тууралуу кабарды президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG