Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

“Ади Голд” ишканасынын Терек аянтындагы лицензиясы жокко чыгарылды


Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, “Ади Голд” жоопкерчилиги чектелген ишкананын Терек аймагындагы лицензиясы жокко чыгарылды. Буга ишкананын геологиялык чалгындоо иштери боюнча туура эмес отчет бергени себеп болгон. Ошондой эле “Кыргызалтындын” балансындагы калдык сактоочу жайды алардын уруксаты жана техникалык долбоору жок чалгындоо ишин өткөргөнү айтылууда.

Экинчи жолу өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы менен Тереккан, Өтмөк жана Терек кен байлыктарын иштетүү боюнча “Эки Бакыр Терексай” компаниясы жеңүүчү аталган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG