Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:13

Путин Түркия орус учагын атканына өкүнөрүн айтты


Владимир Путин, Москва, 3-декабрь, 2015.

Владимир Путин, Москва, 3-декабрь, 2015.

Орусия Федералдык Кеңешинде жылдык кайрылуу жасаган президент Владимир Путин Москва Түркиянын орус учагын атып түшүргөнүн эч качан унутпай турганын билдирди. Путин андан ары Түркия "бул иши үчүн өкүнөрүн", Орусиянын учагы атып түшүрүлүшүнө жообу соода-сатык санкциясы менен гана чектелип калбасын айтты. Бирок ал Москва Анкараны "согушам" деп коркутпасын белгиледи.

Орус президенти мамлекеттер "террорго карата кош стандарт саясатын карманбоого, же террордук уюмдарды өз максаттары үчүн пайдаланбоого" тийиштигин да белгиледи.

24-ноябрда түрк аба күчтөрү Орусиянын Су-24 аскерий учагын атып түшүргөн. Түркия орус учагы өлкө аба мейкиндигин бузуп, бир канча жолку эскертүүлөрдү тоотпой койгон соң атып түшүрүлгөнун айтса, Орусия учагы Сирия аймагынан чыкпаганын билдирип келет. Ушул окуядан соң Москва-Анкара алакасы кескин начарлап, тараптардын бири-бирин айыптоолору токтобой жатат.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG