Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

Сот Дилгер Жапаровдун үй камагына чыгаруу боюнча арызын четке какты


Дилгер Жапаров
Дилгер Жапаров

Бүгүн Биринчи май райондук соту "Кыргызалтын” ишканасынын мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровго байланыштуу ишти карады. Соттук отурумда Жапаров өзүн үй камагына чыгарууну өтүндү. Бул тууралуу “Азаттыкка” айыпталуучунун адвокаты Владислав Лужанский билдирди. Анын айтымында, Жапаровду камакка алуу мөөнөтү мындан беш күн мурда бүткөн. Ошого карабай ал камакта экенин белгиледи. Бирок сот Дилгер Жапаровдун арызын канаттандырган жок. Келерки сот 7-декабрга белгиленди.

Башкы прокуратура Дилгер Жапаровго 2014-жылы 29-майда кылмыш иш козгогон. Ал “Кумтөр Голд компани” ишканасынан өкмөттүн макулдугусуз “Центерра Голд” компаниясына 200 млн. долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон деп айыпталууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG