Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Сирияда ИМдин карамагындагы мунай өндүргөн аймактар бомбаланды


АКШ баштаган коалициянын аскерий учактары Сирия чыгышында "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу көзөмөлдөгөн мунай өндүрүүчү аймактарга абадан сокку урду. Лондондо жайгашкан Сирия обсерваториясы укук коргоо уюмунун кабарлашынча, аба чабуулу Дейр ал-Зор провинциясындагы Жафра, Танак жана ал-Омар аймактарына жасалды.

Улуу Британия коргоо министрлиги мунун алдында британ учактары мунай өндүрүүчү жайлар жайгашкан ал-Омар аймагын бомбалаганын кабарлаган.

Британ парламенти 2-декабрда он саатка созулган талаш-тартыштан соң өкмөттүн Сириядагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы эл аралык коалицияга кошулуу сунушун жактырган.

Орусия британ учактарынын Сириядагы аба чабуулу тууралуу маалыматтардан кийин "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы кандай гана аракет болбосун колдой турганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG