Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Путин: Экономикалык абал кыйын, бирок анчалык кооптуу эмес


Орусия -- Телевизор саткан дүкөндө Путиндин кайрылуусу көрсөтүлүүдө. Москва, 3-декабрь, 2015.
Орусия -- Телевизор саткан дүкөндө Путиндин кайрылуусу көрсөтүлүүдө. Москва, 3-декабрь, 2015.

Орусия президенти Владимир Путин Федералдык Кеңештеги жылдык кайрылуусунда өлкө чийки заттардын баасы узак убакыт төмөн болушуна даяр турушу керектинин билдирди.

- Азыр көптөргө кыйын болуп жатканын билем. Экономикадагы кыйын абал кирешелердин жана элибиздин жалпы жашоо деңгээлинен көрүнүп турат. Элде бул кыйынчылыктардан качан чыгабыз жана ал үчүн эмне кылуу керек деген суроо турганын түшүнүп турам. Абал чынында кыйын, бирок буга чейин айткандай андай деле кооптуу эмес, - деди Путин кайрылуусунун экономикалык бөлүгүндө.

Орус президенти ошондой эле 2020-жылга чейин Орусия ички базарын толугу менен өз азык-түлүктөрү менен камсыздоого тийиштигин, бул үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бардыгын кошумчалады.

Путин былтыркы кайрылуусунун негизги бөлүгүн экономика маселелерине арнаса, бул жолку кайрылуусун тышкы саясатка байланышкан маселелер менен баштады. Айрыкча Түркиянын орус учагын атып түшүргөнүн эч качан унутпай турганын, Түркия "бул иши үчүн өкүнөрүн", Орусиянын учагы атып түшүрүлүшүнө жообу соода-сатык санкциясы менен гана чектелип калбасын айтты.

24-ноябрда түрк аба күчтөрү Орусиянын Су-24 аскерий учагын атып түшүргөн. Түркия орус учагы өлкө аба мейкиндигин бузуп, бир канча жолку эскертүүлөрдү тоотпой койгон соң атып түшүрүлгөнун айтса, Орусия учагы Сирия аймагынан чыкпаганын билдирип келет. Ушул окуядан соң Москва-Анкара алакасы кескин начарлап, тараптардын бири-бирин айыптоолору токтобой жатат.

XS
SM
MD
LG