Бельгия башкы прокуратурасы Париждеги террордук чабуулдарды иликтөөлөргө байланыштуу кармалган шектүүлөрдүн бири Франциянын, экинчиси Бельгиянын жараны экенин бүгүн кабарлады. Ал экөө тең бир айга камалды.
20 жаштагы француз жараны ушул жекшембиде Мароккого учууга камынып жаткан жеринен Брюсселдин аба майданынан кармалган. Экинчиси, 28 жаштагы бельгиялык киши Моленбек районундагы үйлөрдү тинтүү учурунда колго түшкөн. Тергөө буга чейин Брюсселдин дал ушул районунда 13-ноябрда Парижде 130 адамдын өмүрүн алган чабуулдарга аралашкан эки террорчу жашаганын аныктаган.
Бельгияда буга чейин кармалгандардын сегизине Париждеги теракттарга тиешеси бар деген айып тагылган.