Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

Орусия “Түрк агымы” боюнча сүйлөшүүлөдү токтотту


Орусиянын энергетика министри Александр Новактын айтымына караганда, Москва Орусиянын учагы Түркия тарабынан атып түшүрүлгөндөн кийин “Түрк агымы” газ кууру боюнча Түркия менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрүн токтотту. Түркияга каршы киргизилген санкциялар ушундай абалга алып келди, деп билдирди Новак 3-декабрда:

-Соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын иши токтотулду. Ошонун алкагында “Түрк агымы” боюнча келишимге жетишүү боюнча сүйлөшүүлөр да токтотулду.

“Түрк агымы” Орусиянын түштүгүнөн Кара деңиздин түбү менен Түркиянын батышына өтүп, Европага барыш керек эле. Бул куур курулса Орусия Украина транзитин токтотууга мумкүнчүлүк алат эле. Газпромдун башчысы Алексей Миллер Түркия керек болсо “Түрк агымы” боюнча сүйлөшүүнү өтүнөрүн 3-декабрда билдирди. Ал эми Түркияда атомдук электр станциясын куруу боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатканын Новак белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG