Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Кыргызстандан чыгып кетүүгө жол берген чек арачыларга иш козголду


УКМК маалыматына караганда, эл аралык “Манас” аэропортунун өткөрүү пунктунда иштеген үч чек арачы өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынган айрым жарандарга жол ачып беришкен. Маалыматка ылайык, алардын бири террорчулукка айыпталып быйыл жайында атайын операцияда жок кылынган Казакстандын жараны Жанболот Амировдун жубайы болгон. Айрымдары өлкөдөн чыгып бир айдан соң кайтып келишкен. Бул факт боюнча Башкы прокуратура “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG