Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:59

Визасыз режимден баш тартып, буга байланыштуу мыйзам долбоорду өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитети көтөрүүдө. Парламент комитети дүйнөдөгү абал жана терроризм маселесинин күчөп жатканын негиз келтирип, бул сунушту өкмөткө жөнөткөн.

Учурда Туризм департаменти буга байланыштуу өлкөдөгү туристтик операторлор ассоциациясынын пикирлерин иликтөөдө. Бул тууралуу Туризм департаментинин жетекчисинин орун басары Михаил Ким “Азаттыкка” билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаев 27-ноябрда күч түзүмдөрүнүн координациялык жыйынында Кыргызстанга визасыз режимди колдонуп, террорчулар кириши мүмкүн деген коркунуч бар экенин билдирген. Атайын кызматтын башчысы мындай коркунучтун себебин Кыргызстан аймагына кирип-чыккан чет элдиктердин иш жүзүндө абдан аз бөлүгү каттоого турары жана “Ислам мамлекети” тобунун катарында Батыш Европа өлкөлөрүнүн жарандары бардыгы менен негиздеген.

Кыргызстан туристтерди тартуу максатында дүйнөнүн өнүккөн 45 өлкөсүнүн жарандары үчүн визасыз режимди 2011-жылы беш жылдык мөөнөт менен киргизген.(КЕ/SDz)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG