Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:54

Human Rights Watch уюмунун өкүлүн Кыргызстанга киргизбей коюшту


Кыргызстанга келген Human Rights Watch эл аралык уюмунун өкүлү Мира Ритман "Манас" аба майданынан чыгарылган жок. Тиешелүү органдардын көргөзмөсү менен ал өлкөгө киргизилбегенин “Азаттыкка” Чек ара кызматынан ырасташты. Ал эми Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нурлан Сүйөркулов Ритман миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн Кыргызстанга киргизилбегенин билдирди.

- Мира Ритманды персона нон-грата деп айтууга болбойт. Ал саясатчы же дипломаттарга берилет. Human Rights Watch уюмунун өкүлү миграциялык мыйзамды бузган үчүн киргизилген жок.

Маалыматка караганда, Мира Ритман Кыргызстанга Стамбулдан келаткан.

ТИМ маалымат кызматы эл аралык уюмдун өкүлү канча убакытка кирбейт деген суроого жооп берген жок. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG