Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Human Rights Watch бийликтен түшүндүрмө талап кылууда


Мира Ритманды Кыргызстанга киргизбей койгонуна байланыштуу Human Rights Watch уюму кыргыз бийлигин айыптап чыкты. Уюмдун расмий сайтындагы маалыматка ылайык “Ритманды Кыргызстанга киргизбей коюуга эч себеп жок болчу, укук коргоочуга мындай мамиле өлкөдөгү адам укугун коргоо боюнча ишмердүүлүгүнө жолтоо кылуу катары кабыл алат” – деп жазылган.

Human Rights Watch уюмунун ишине Кыргызстанда тыюу салынышы күтүүсүз кадам болгонун уюмдун аткаруучу директору Кеннет Рот билдирип, кыргыз бийлиги тез арада бул тыюуну алып, Ритмандын Бишкекте ишин жүргүзүүгө уруксат бериши керектигин кошумчалады.

Мира Ритманга карата Бишкектин мындай аракети Борбор Азиядагы жалгыз парламенттик өлкөгө көө түшүрүп, Кыргызстандын адам укугун коргоо жаатында аракетине өтө чоң залакасын тийгизип жатат – деп жазылат Human Rights Watch уюмунун расмий сайтында. Уюм бул окуя боюнча кыргыз бийлиги расмий жообун бербей жатканын айтууда.

Кыргызстанга келген Human Rights Watch эл аралык уюмунун өкүлү Мира Ритман "Манас" аба майданынан чыгарылган жок. Тышкы иштер министрлиги Ритман миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн Кыргызстанга киргизилбегенин билдирди. (SDz)

XS
SM
MD
LG