Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:42

Сариев: “Манас” эпосу жаштардын азгырылышына жол бербейт


Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев бүгүн А. Малдыбаев атындагы опера жана балет теaтрында "Манас күнүнө" карата өткөн жыйында билдирди. Өкмөт башчы ааламдашуу учурунда мамлекет катары сакталып калууда жана жаштар ар кандай террордук топтордун таасирине азгырылып жаткан убакта "Манас" эпосун даңазалоонун мааниси зор экенин белгиледи. Ошондой эле манасчылар Таланталы Бакчиев, Рыспай Исаков, Улан Исмаиловго өкмөт башчынын атайын кол саатын белeкке тапшырды.

Парламент депутаты Максат Сабиров эл арасында саналуу гана манасчылар бар экенин, аларды материалдык жана моралдык жактан колдоо зарылдыгын белгиледи. Маданият, туризм жана маалымат министри Алтынбек Максутов 2016-жылы аталган министрликтен манасчылар үчүн алты кызмат орду ачылып, айлык акы төлөнөрүн айтты. Кеченин расмий бөлүгү “Манас” эпосун жайылтууга салым кошкондорго Маданият министрлигинин ардак грaмoтасын тапшыруу менен аяктады.

“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору 2013-жылы Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген. Өкмөттүн токтому менен 4-декабрь "Манас күнү" деп жарыяланган. (ZA/КЕ)

XS
SM
MD
LG