Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

ЖАМК аткаминерлери тендерден 5,5 млн. акча өөнөгөнү аныкталды


УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратура менен бирдикте Жаза аткаруу кызматынын жооптуу кызматкерлери айыл чарба продуктуларын сатып алуу боюнча жарыяланган тендерден 5,5 млн. сом өөнөп алганын аныктады.

Маалыматка караганда, аталган мекеменин борбордук аппаратынын жооптуу кызматкерлери жана жатак абактарынын жетекчилери айыл чарба продуктуларын сатып алуу боюнча дыйкан чарбалар менен жалпы суммасы 23 млн. 62 миң сомго жакын келишим түзүшкөн. Мында мамлекеттик бюджетке дээрлик 5,5 млн. зыян алып келингени аныкталды. Башкы прокуратура “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген келишим түзүү” беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG