Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:21

5-декабрдан 7-декабрга чейин аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн. 5-декабрда күндүз жаан жаап, 6-7-декабрда жаан карга айланат, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо катуу жаан-чачын болушу ыктымал. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардагы автожолдор тоңголок, тайгак болот. 5-декабрда айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.

5-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Тоолуу аймактардын автожолдорунда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 3…8, күндүз 10…15,

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13,

Баткенде түнкүсүн 3...8, күндүз 10…15,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 10…15,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11,

Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6.

5-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Аба түнкүсүн 4…6 градус, күндүз 13…15 градус жылуу болот. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG